05.02.2019 14:24

Балдарга сак болуңуздар! «Аламүдүн-1» кичирайонунда бейтааныш адам кичине кызга тийишти

Балдарга сак болуңуздар! «Аламүдүн-1» кичирайонунда бейтааныш адам кичине кызга тийишти

Бишкек шаарынын «Аламүдүн-1» кичирайонунда бейтааныш адам кичине кызга тийишип, өпкүлөгөн. Байкоо камерасынан алынган тасманы April.kg порталына кыздын туугандары билдиришти. 

Окуя 28-январь күнү болуп, бирок, кыздын туугандары бул тууралуу кечээ гана, үй комитетинин кызматкерлери камерага түшүп калган видеону көрсөтүшкөндө билишкен.

Тасмада велосипедчен киши сыртта ойноп жүргөн балдар менен сүйлөшүүгө аракет кылганы көрүнүп турат. «Видеодогу кыз - менин карындашымдын кызы. 8 жашта. Ал күнү биздикине конокко келген эле. Бала эмеспи, ойноп кетип, унутуп койгон окшойт, бизге бул тууралуу айткан эмес. Бейтааныш киши жанына чакырып, акча бериптир, анан кучактап, өөптүр. Экинчи жолу чакырганда барбай кетип калышыптыр. Азырынча бул боюнча милицияга кайрыла элекпиз. Өзүбүз бул районго көчүп келгенибизге аз эле болгон. Бул киши балким, ушул тегеректе жашайт чыгаар, тааныбайт экенбиз», -деп билдирди шаар тургуну.